11:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта 5 киши жабыркады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки унаа сүзүшүп, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-январь күнү саат 21:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 240-чакырымында Тел-Кайын тилкеси Honda Accord жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жабыркаган. Жерине ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.


Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби