Алдыдагы шайлоого карата Брайл шрифти менен добуш берүүгө 4 миң 948 бюллетень даярдалды. Бул тууралуу Боршайком маалымдайт.
Мекеменин билдирүүсүндө, жалпысынан 3 миллион 567 миң 138 бюллетень даярдалып, аймактарга жеткирилди.
Брайл шрифти менен көзү азиздер добуш бере алышат.
Президенттик шайлоонун бюллетени ак, референдумдун бюллетени көгүш түстө болот.