18:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаевди № 47 абагына которушту

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМК абагынан Бишкектеги № 47 колониясына которушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жубайы Раиса Атамбаева билдирди.

Айтымында, Атамбаев колонияга Жаңы жылдын алдында которулду.

«Аны котороорун эч ким билген эмес. 31-декабрда мен жана балдарыбыз Кадыр менен Алия аны колонияга барып, көрүп келдик. УКМК абагында жатканда токтотулган дарылоосун кайта баштаптыр. Колониянын шарты жакшыраак, ал жерде сейилдеп жатыптыр. Биз Алмазбек Атамбаевге ысык тамак, кийим киргиздик», — деди Раиса Атамбаева.

Эң көп окулган жаңылыктар