Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испания футбол клубуна чакыруу алды

09:56, 04 января 2021, Бишкек - 24.kg

Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испания футбол клубунда ойнойт. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Facebook баракчасында билдирди.
 
Анын айтымында, 15 жашар уулу Италиянын «Паоло Росси» футбол академиясында 1,5 жыл тарбияланып, жарым жыл «Перуджа» клубунда ойноду.
Фото
 
«Эми ал Испаниянын «Леванте» клубуна чакыруу алды. Уулум, сага бардык жакшылыктарды каалайм, эми сен «Ла Лигада» ойногон биринчи кыргыз футболчусу болосуң деп ойлойм», — дейт Камчыбек Ташиев.