COVID-19. Бир суткада 83 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

09:27, 04 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 83 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 33, Ош шаарында — 1, Чүй облусу — 17, Ош облусу — 5, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 17, Жалал-Абад облусу — 1, Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.

Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 81 миң 388 киши вируска чалдыгын, 1 миң 360 бейтап көз жумду.