14:49, 30 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги мектептер толугу менен 1-февралдан тарта ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында ордо кааланын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, мектеп окуучуларын салттуу режимде окутууга кайтаруу пландалууда.
«15-январда тарта ачсак деп турабыз. Балким алгач жогорку класстар мектепте окуп баштайт. 1-февралга чейин баардык окуучулар келип баштайт», — деди ал.
Ал Бишкек окуу башталган аймактардагы кырдаалды дагы карап чыгарын белгиледи.
«Азыр дүйнөдө кайра англия штаммы башталды. Андан көбүнчө жаштар жапа чегүүдө», — деди Балбак Түлөбаев.