«Түндүкэлектро» электр жарыгын үнөмдөөгө өттү. Үч фазалык туташтыруу өчүрүлдү

14:09, 30 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

«Түндүкэлектро» ишканасы тиричилик абоненттерин үч фазалык туташтырууга уруксат берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматта электр энергиясын пайдалануу көлөмү көбөйгөндүктөн 28-декабрдан тартып келерки жылдын 1-апрелине чейин тиричилик керектөөчүлөрүнүн чарбалык муктаждыктары үчүн берилүүчү үч фазалык туташтыруу токтулары айтылат.

«Түндүкэлектро» компаниясынын билдирүүсүндө, Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында электр энергиясын пайдалануу өсүүдө.