«Орусия Кыргызстандын бюджетине колдоого, бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо системасын каржылоого акча бөлдү. Макулдашуунун долбоорун Кыргызстан жактырды, жакында кол коюлат», - деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан. Өкмөт андан кийин социалдык төлөмдөрдү убагында берүүнү убадалаган.