Сокулукта тойдон кийин 70 киши ууланып ооруканага кайрылды

09:37, 30 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Сокулукта тойдон кийин 70 ашык киши ооруканага ууланууга даттанып кайрылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Улукбек Бектурганов билдирди.

Анын айтымында, 16 киши ооруканага жаткырылып, калганы үйдөн дарыланууда.

«Уулангандардын абалы туруктуу. Бүрсүгүнү ооруканадан чыгарылат. Алдын-ада билдирүүгө караганда тооктун этинен ууланышкан. Тойдун коноктору этти үйүнө алып кетишкен», — дейт ал.