Президенттик шайлоого карата 311 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу БШК маалымдайт.
Ар кандай миссиялардын 113 өкүлү эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өттү.
Дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 31 эл аралык уюмдардын атынан 311 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Президенттик шайлоо референдум менен бирге 10-январда өтөт.