Кыргыз-өзбек чек арасында 4 баллга жеткен жер титирөө болду

10:24, 29 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

29-декабрь күнү саат 07:49да Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.