Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 27 жаштагы киши изделип жатышат

11:01, 28 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

27-декабрь күнү Нарын облусунун Жеңиш айылында 1993-жылы туулган киши Ала-Буга суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылып, саат 19:30та издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 28-декабрь күнү издөө иштери улантылат.