Москва шаарынан ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдайт.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун 1997-жылы туулган К.Б. жана Ысык-Көл облусунун 1998-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну кармалды.
Алар акыркы жолу Москва шаарында такси кызматында иштеген мекендешин коркутуп, 8700 рубль өлчөмүндөгү акча каражатын алып, кошумча 30 000 рубль берүүсүн талап кылган.