Куршаб дарыясынын жээгинен жаш аялдын сөөгү табылды

10:52, 25 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Өзгөн районунун Лесхоз айылында Куршаб дарыясынын жээгинде болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар тартылып, денени суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.