10:38, 25 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Бир суткада 180 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 67, Ош шаарында — 1, Чүй облусу — 60, Ош облусу — 14, Талас облусу — 7, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 4, Баткен облусу — 8 кишиден вирус табылды.
Каза болгон бейтаптар жок.
Март айынан бери 80 миң 25 киши вируска чалдыгын, 1 миң 340 бейтап көз жумду.