Ысык-Ата районунда 13 жашар Медина Жумагазиева изделүүдө

16:12, 24 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Медина Жумагазиева изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Медина Жумагазиева 22-декабрда үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 159 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара, кой көз, бетинде сепкилдер бар.

Кийими: кара түстөгү куртка, жинсы шым, бутунда уги.

«Кимде-ким Медина Жумагазиеванын кайда экендигин же издөөгө көмөктөшө турган маалыматтарга ээ болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61 69 07, 0703 17 17 75 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.