Жогорку Кеңештин депутаттары 9-январга чейин тарап кетишти

15:49, 24 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 8-январына чейинки мезгил аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу чечимине келишти. Бул тууралуу парламенттин токтому кабыл алынды.

Депутат Гүлшат Асылбаева 30-декабрда чогулуп, 2019-жылдын бюджетин бекитүүнү сунуштады эле, бирок кесиптештери анын демилгесин колдошкон жок.