Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом кайтарды

10:39, 24 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом кайтарды. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, 1 миллиард 400 миллион сомду накталай түрдө, 60 миллион сомду кыймылсыз мүлк менен өткөрдү.

«Тогуз батир жана бир соода борборун өткөрүп берди», — дейт Камчыбек Ташиев.

Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга, мыйзамсыз баюуга айыпталып, ал акчаны бюджетке кайтарып бермей болгон.