10:39, 24 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом кайтарды. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, 1 миллиард 400 миллион сомду накталай түрдө, 60 миллион сомду кыймылсыз мүлк менен өткөрдү.
«Тогуз батир жана бир соода борборун өткөрүп берди», — дейт Камчыбек Ташиев.
Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга, мыйзамсыз баюуга айыпталып, ал акчаны бюджетке кайтарып бермей болгон.