Маалыматка караганда, A701V деген аталышка ээ болгон штамм Сабах штатындагы коронавирустун үлгүлөрүн изилдөөнүн жыйынтыгында табылды.
«Азырынча бул штаммдын клиникалык таасирин, канчалык жугуштуу экенин билбейбиз. Азыр адистер анын натыйжалуулугу менен агрессивдүүлүгүн аныктоого аракет кылып жатышат», — деди Абдулла.
Буга чейин Улуу Британия да өлкөдө коронавирустун мутацияланган жаңы түрү аныкталып, тарап жатканын билдирген. Буга байланыштуу Европа жана башка аймактардагы ондогон өлкө бул мамлекет менен каттамдарга чектөө киргизген. Британ саламаттык сактоо мекемеси жаңы штамм мурдагыга караганда 70 пайызы жугуштуу деген божомолун айткан.