COVID-19. Бир суткада 230 кишиден вирус аныкталып, эки өлүм катталды

10:09, 23 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 230 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 71, Ош шаарында — 4, Чүй облусу — 71, Ош облусу — 24, Талас облусу — 6, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 36, Жалал-Абад облусу — 7, Баткен облусу — 9 кишиден вирус табылды.

Бишкекте үч, Ысык-Көл облусунда бир бейтап көз жумду.

Март айынан бери 79 миң 659 киши вируска чалдыгын, 1 миң 337 бейтап көз жумду.