09:39, 23 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров бийлик үч бутагы катары парламентти, президентти жана өкмөттү атады. Бул тууралуу ал YouTube каналына жайгаштырылган маекте маалымдады.
Ал президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча суроого жооп берип жатып, сот бийлигин эске алган эмес.
«Бизде бүгүн үч бийлик бутагы бар: президент, парламент жана өкмөт. Биз бир эле бийлик бутагы кадрдык маселени чече тургандай тутум түзүшүбүз керек. А бизде азыр үй бийлик бутагы тең аны чечет», — дейт ал.
Баш мыйзам боюнча Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу, аткаруу жана сот бийлиги бар. Демократиялык өлкөдө сот бийлиги көз-карандысыз бийлик бутагы болуп саналат.