13:08, 22 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер астындагы өтмөктөрдү карап чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алымкулов Манас менен Чүй проспектилериндеги, Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги өтмөктөрдү текшерип чыкты.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө вице-мэр өтмөктөрдүн техникалык абалы, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн көтөргүчтөр жөнүндө маалыматтарды айдын аягына чейин берүүнү, Курманжан Датка көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн лифттерин ишке киргизүүнү аягына чыгарууну тапшырды», — деп билдиришти мэриядагылар
Ошондой эле, Манас проспектиси менен Чүй проспектиси, Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөрдөгү жайларды пайдалануу үчүн ижара акысы жөнүндө маселени карап чыгуу тапшырылды.