20:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Токтогул суу сактагычында 12,7 миллиард куб метр суу бар

Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 729 миллион куб метр суу бар. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы билдирди.

Суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 148 куб метрди түзсө, секундуна 708 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр ушул күнү суу сактагычта 15,3 млрд. куб метр суу болгон.

Белгилей кетсек, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков электр жарыгын үнөмдөө жолун иштеп чыгууну тапшырды.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров электр жарыгын керектөө өсүп, көмөк чондордон чыңалуу менен иштеп жаткандыктан жарыкты автоматтык түрдө өчүрүүлөр болуп каларын айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар