Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, турак жайдын 40 чарчы метрлик аянтты күйгөн. Кырсыкта 74 жаштагы аял каза болду. Өрттүн себеби такталууда.
Жалпысынан соңку бир күн ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоо менен 19 өрт өчүрүү бөлүм алышты