02:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек мэриясы шаардын пайдасына 8 миллион сом өндүрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөгөндөр менен иштөөнү улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы «И.М.С.» компаниясы менен Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш турак жай конушунун эксперименталдык өнүгүүсүн жүзөгө ашыруу жана сынамык долбоорду иштеп чыгуу үчүн жер тилкесин пайдаланууга ижара келишими түзүлүп, 49 жылга 2,8 га аянт жер тилкеси берилген.

«Бирок 2010-жылдан бери шаардык бюджетке ижара акысы түшө элек, бүгүнкү күндө карызы 8 миллион 209 миң 481 сомду түздү. Мэрия сотко кайрылууга аргасыз болуп, Кечээ, 21-декабрында Биринчи май райондук соту доо арызды канааттандырып, муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарды», — деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар