Боршайком президенттик шайлоодо колдонулуучу бюллетендердин текстин бекитти

19:38, 21 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоодо колдонулчу бюллетендин формасы менен текстин бекитип берди. Бул тууралуу Боршайкомдун кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-декабрь күнү, БШК жыйынында президенттик шайлоодогу бюллетендин формасы менен тексти бекитилди.

«Аны «Учкун» ишканасы басып чыгармакчы», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 10-январь күнү кыргызстандыктар президентти шайлашат. Өлкө башчылыкка 18 талапкер ат салышууда.