Садыр Жапаров үгүт кампаниясына каражат коротуу боюнча талапкерлерден алдыда

09:22, 21 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтында президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн каражаттар жана алардын сарпталышы жөнүндө маалымат жарыялады.

Ага ылайык, 18-декабрга карата баарынан көп каражат Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна түшкөн — 47 млн 404 миң сом (587 миң доллардын тегереги). Каражатты сарптоо боюнча да ал талапкерлердин арасында биринчи орунда турат — 43 млн 720 миң сом. Таблицага караганда, каражат негизинен үгүт материалдарына (баннерлерге, баракчаларга, видеороликтерге жана материадарды ЖМКларга жайгаштырууга) жумшалган.

Андан кийин бизнесмен Бабыржан Төлбаев келатат. Анын шайлоо фонду 9 млн сомдон ашыгыраак. Бирок ал 5 млн 687 миң сомун гана короткон. Шайлоо фондунун өлчөмү боюнча лидерликтин үчилтигин бизнесмен Имамидин Ташов жабат. Ал эсебине 5 млн сомго чукул акча салган жана 3 млн сомго жакынын короткон.

Калган талапкерлердин шайлоо фонддору 4 млн сомдон ашпайт, көпчүлүгүнүн эсебинде 1 млн сомдон көбүрөөк гана каражат бар.

Өлкөдө президенттин шайлоо 10-январга белгиленген, 18 талапкер ат салышууда. Үгүт компаниясы 15-декабрда башталган.