11:39, 17 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын 2020-жылдын 9-декабрында, Бишкек шаарындагы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, көмөкчү мектептерде жана жалпы билим берүүчү уюмдардын коррекциялык класстарында убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын эске алуу менен реалдуу режимде окуу процессин улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.
Айтымында, Бишкек шаарынын жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын залалсыздандыруучу каражаттар менен камсыздоо жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо максатында, учурда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 6 миллион 835 миң 800 сом бөлүү тууралуу буйрук чыгарылган.