«Мекеним Кыргызстан» партиясынын ЖКга талапкери Кылычбек Саркабаев кармалды

10:09, 17 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкери Кылычбек Саркабаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 1987-жылдын 20-январында туулган Кылычбек Саркабаевдин паспорту жасалма экендиги аныкталды.

Анын мурда фамилиясы Кылыч Сулайманов болуп, 1987-жылдын 28-декабрында төрөлүп, «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновдун уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. 2006-жылы ал Ош шаардык сотунун чечими менен 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

«Бул фактыны жашыруу үчүн Кылыч Сулайманов жасалма документтерди даярдап, анын негизинде Ош шаардык мэриясынын спорт жана дене-тарбия комитетине жетекчи болуп дайындалган», — дейт УКМК.

Кылыч Сулайманов кармалып, ага каршы сотко чейинки тергөө башталды.