Баткенде сегиз үйдү тоноп кеткен уурулар кармалды

10:55, 16 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Кадамжай районунда батир уурулары кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Алар 8 батирди тоноп, жалпысынан 400миң сомго жакын материалдык зыян келтирген.

«Ушул жылдын октябрь айларынан тарта Кадамжай районунун Халмион, Үч-Коргон, Алга, Орозбеков, Марказ айыл аймактарындагы жашоочулардын турак-үйлөрүнө белгисиз жарандар түн ичинде кирип, үйгө керектелүүчү буюмдарды алып кетишкен. Ага шектелип Кадамжай районунун 41 жаштагы К.Т. өзү жашаган үйүнөн, ал эми анын шериги Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда оор берене менен соттолгон 33 жаштагы Т.И. Кызыл-Кыя шаар аймагынан аныкталып кармалды. Алардын үйүнөн уурдалган буюмдар алынды», — дейт жергиликтүү милиция.

Алар уурдагандарын Ош, Ноокат, Жалалабад облусундарына барып сатып жибергенге жетишкен.