Кеминде өзүнө кокустан ок аткан өспүрүм каза болду

17:46, 15 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Кемин районунда өзүнө карата ок атып алган өспүрүм бала каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

13-декабрда Кызыл-Октябрь айылынын тургуну өзүнө кокустан ок чыгарып алган. Ал дароо ооруканага жеткирилген.

Милициянын маалыматында, куралды бала өзү 2 күн мурда жайыттан таап келген. и