Кыргызстанда 687 миң 154 пенсионер бар. Орточо пенсия 6 миң 61 сомду түздү

16:22, 15 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

2020-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда 687 миң 154 пенсионер бар. Бул тууралуу брифинг учурунда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 61 сомду түзөт. Орточо пенсия 300 сомго көтөрүлдү.

«Жарандардын 76%ы жаш курагы боюнча, 18%ы майыптыгы боюнча жана 6%ы багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пенсияга чыгышкан. 2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгында өлкөдө 44 миң 837 адам пенсия курагына жеткен», — дейт ал.