11:48, 15 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда бүгүнкү күндө COVID-19 менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн орундуктар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди
Айтымында, 8 миң орун даярдалган, азыркы тапта 4 миң 620 орун колдонулуп, анда 1 миң 948 бейтап дарыланууда.
«Дарылоо үчүн — 4943 кычкылтек концентратору жана 506 ИВЛ аппараты колдонулуп жатат», — деди аткаминер.