Сасык тумоо менен ооругандар өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 2,4 эсе аз

11:42, 15 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына ылайык, сасык тумоонун катталышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге төмөн.

Профилактикалык эмдөө үчүн тобокел тобуна кирген адамдар жана калктын социалдык аярлуу катмары аныкталган — бул 905 миң адам.

«Профилактикалык эмдөө калктын болжол менен 13 пайызын камтыйт. Планга ылайык 1-2-этапта сентябрдан ноябрга чейин тобокел тобундагы 284 миң 188 адам сасык тумоого каршы эмдөө алган. 3-этапта декабрь айынын башында сасык тумоого каршы дагы 550 миң доза вакцина алынган. Учурда вакцина бардык район-шаарларга бөлүштүрүлүп берилген. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы тобокел тобуна кирген адамдар арасында эмдөө жүрүп жатат», — деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.