VIP-шаарчада үй, батир, көлдө коттеж, люкс унаа. Жогорку соттун судьясы кармалды

09:22, 15 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку сотунун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Каммил Осмоналиев кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Судьяга мыйзамсыз баюу фактысы менен Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Маалыматка караганда, Камил Осмоналиевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн бир топ мүлктөрү аныкталды.

«Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттеждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар. Аны менен бирге судья жана анын жакын туугандары БАЭ, Турция, Азия жана АКШ курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды», — дейт УКМК.

Камил Осмоналиевдин айрым мүлктөрү башка кишилерге катталганы белгиленет.

«Судья өзүнүн чечими менен Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн декретин жокко чыгарып, Мамлекеттик казынага көп миллиондогон чыгым келтирген. Улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алып алган», — дейт ал.