Ысык-Ата районунда өрттө аял үч баласы менен каза тапты

11:24, 14 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

13-декабрь күнү Ысык-Ата районун Новопокровка айылындагы өрттө бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, айылдын четиндеги короо күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түздү.

Кырсыкта 25 жаштагы аял, 6, 3 жаштагы эркек балдар жана төрт жаштагы кыз каза тапты.