14:47
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ошто миң киши катышкан той өтүп, ага мэр баштаган аткаминерлер катышты

Ошто ишкер Жалил Атамбаев уулун үйлөп той өткөрдү. Үлпөт тойдун сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланды.

Тамадалык кызматты аткарган Санжар Мыкыевдин маалыматында, Жалил Атамбаев миңдей конок чакырган. Ага парламенттин депутаттарынан тарта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев дагы катышкан.

Белгилей кетсек, Ош шаарында башка аймактар менен бирге коронавируска байланыштуу чектөөлөр алына элек. Кафе-ресторандарга 50дөн ашык киши чакырууга тыюу салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар