09:59, 11 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Президенттин милдетин аткаруучу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери жана башка маселелер талкууланат.
Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба менен Өзбекстанга берүү маселеси да каралат. Кезектеги жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынат.