06:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвада 29 жаштагы кыргыз кызы метродон көз жарды

Москвада 29 жаштагы кыргыз келин метродон көз жарды. Окуянын видеосу Telegram-каналына жарыяланды.

Төрөттү «Электрозаводская» метросунун полиция кызматкерлери кабыл алышкан.

Маалыматка караганда, кош бойлуу келин эскалатордон чыгып бара жатканда толгоосу башталган.

«Аны байкаган полиция кызматкерлери тез жардам чакырышкан. Бирок, төрөт башталып, сержант Алеся Полякова келинге жардам берген. Ымыркайды терможуурканга ороп, медиктерге тапшырып беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Эне-баланын абалы жакшы экендиги дагы кабарланат.

Келиндин аты Үпөл Курманова, ал Кыргызстанды жараны экендиги белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума