2020-жылы Кыргызстанга кирген инвестициялар үч эсе кыскарды

17:13, 10 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 398 миллион долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка карагада, инвестиция 2019-жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз келди (576 миллион доллар).

Ошол эле учурда өлкөдөн капиталдын чыгып кетүү агымы көбөйдү. Былтыркы жылдын алгачкы тогуз айында 513,5 миллион доллар чыгарылып кетсе, быйыл бул мөөнөттө 719,1 миллон доллар сыртка жөнөтүлдү.