COVID-19. Бир суткада 379 кишиден вирус аныкталып, үчөө каза болду

10:14, 10 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 379 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 120, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 98, Ош облусунда — 11, Талас облусу — 10, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусу — 81, Жалал-Абад облусу — 29 жана Баткен облусу — 15 жаңы учур катталды.

Бишкек, Талас жана Ош облусутарында бирден бейтап вирустан көз жумду. 

Март айынан бери 76 миң 391 киши вируска чалдыгып, 1 миң 306 адам каза тапты.