Жогорку Кеңештин алдына чогулган митингчилер депутаттарды уяткарууда

09:49, 10 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин алдында кайтадан митинг өтүп жатат. Ага 11 адам катышууда. 

Митингчилер депутаттар үчүн «уят жолун» уюштурушту. Тактап айтканда, имаратка кирген ар бир депутатарды алар «Уят!» деген ураандар менен тосуп алууда.

Акцияга чыккан жарандар референдумга каршы чыгууда. Алардын пикиринде алтынчы чакырылыштагы депутаттар «Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алууга укуктары жок.