«Алар жакшы жабдылган медициналык мекемелерге жайгашырылды жана ысык тамак, кийим-кече менен камсыздалды. Адистер медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт», — деп айтылат билдирүүлөрдө.
Өзбекстандын расмий органдары бул боюнча комментарий бере элек.
2019-жылы 30-майда Өзбекстан гуманитардык «Мехр» операциясынын алкагында Сириядан 156 аял менен балдары алып келген. Ошол эле жылы октярда экинчи операция жарыяланып, ата-энесиз калган 30 бала жана 25 кыз Өзбекстанга жеткирилген.