Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумуна Асылбек Жээнбеков келди

13:07, 09 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Октябрь айында болуп өткөн окуялардан кийин парламентке бир да келбеген Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумуна келди.

Ал отурум залында бир нече мыйзам долбооруна добуш бергиче калды.

Асылбек Жээнбеков 10-январда референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон добуш берди.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору бүгүн биринчи окулушта жактырылды.