11:49, 09 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Парламент референдум жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Добуш берүүнүн алдында 63 депутат каттоодон өттү.
Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев каршы добуш беришти.
Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоору кабыл алынды.
Документ кыргызстандыктар башкаруунун кандай формада — пардаменттик же президенттик түрдө жашагысы келээрин сунуштайт.
Эске салсак, өткөн аптада депутаттар кворум чогулта албай, добуш берүүнү кийинкиге калтырышкан.