COVID-19 вирусунан каза болгон 30 медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллиондон берилди

12:01, 08 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 вирусунан каза болгон 30 медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллиондон берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, 8-декабрга карата 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты.

Каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 миллион сом төлөнүп берилди.

Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда.