Бет кап тагынуу сасык тумоону жуктурууну азайтат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Министрлик сасык тумоо декабрь айында башталып январь айында эң көп катталган чегине жетери белгиленет.
Декабрь айынын биринчи жумасында (2 миң 706 учур) өткөн жумага (2 миң 430) караганда курч дем вирустук оорулар 10,3 пайызга аз катталган.
Адистер быйыл сасык тумоо өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге аз экенин айтышат.
Белгилей кетсек, COVID-19 вирусунун алдын алууда санитардык чаралар, анын ичинде бет кап тагуу, колду бат-бат жууп туруу жана социалдык дистанция эң маанилүү болуп саналат.