11:34, 08 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Сентябрдан бери 683 мектеп окуучусу вируска кабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, сентябрь айында 7ден 17 жашка чейинки балдардын арасында вирус жугузган 48 учур катталды.
«Октябрь айында 315 учур 6,5 эсеге көбөйдү. 1-декабрга карата 320 учур катталды. Мектепке баруу менен байланышкан бир дагы учур катталган эмес, бардык учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон», — дейт Айнура Акматова.