Ошто Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды

09:52, 08 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Ошто Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Эсептөө палатасынын аудитору Кулбак Атабеков кармалды.

Ага каршы Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы «Кенсай» жилмассиви боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда 13 миллион сомго жакын бюджеттик акчаны уурдоо болгону айтылат.

Кулбак Атабеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди.